Баткен районунун Чек айылында тез жардам бөлүмү ачылды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
28 сентябрь

Баткен районунун Чек айылында тез жардам бөлүмү ачылды

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чек айылында тез жардам бөлүмү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жаңы бөлүмдүн ачылышына КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева катышып, бул иш аракет жергиликтүү тургундардын медициналык жардамды өз убагында алуусуна шарт түзүү максатында ишке ашырылганын белгиледи.

Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору катары пайдаланылып келген имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тез жардам бөлүмү үчүн ылайыкташтырылды.

Тез жардам бөлүмү 5 миңден ашык тургунга кызмат көрсөтөт. Бөлүм үч бөлмөдөн туруп, фельдшерлер үчүн иш бөлмөсү, бейтаптар үчүн өзүнчө бөлмө жана медициналык дары-дармектерди сактоочу жай менен камсыздалган.

Ошондой эле бөлүмгө тез жардам унаасы бөлүнүп берилген.