Манас шаарында №13 мектепке 500 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда
Курулуш министрлиги
28 сентябрь

Манас шаарында №13 мектепке 500 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда

Манас шаарындагы Р. Азимов атындагы №13 мектепке 500 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2026-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоорго ылайык, үч кабаттуу корпуста окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга зарыл болгон бардык шарттар каралган.

Учурда объектте жасалгалоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Объекттин жалпы даярдыгы 90 пайызды түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Бишкек, Ош жана Манас шаарларында 36 жаңы мектептер курулууда: Бишкекте – 20, Ошто – 10 жана Манас шаарында – 6 мектеп.