Кыргызстан жылкынын африкалык чумасынан эркин өлкө катары WOAHтын расмий статусун алууга даярданууда
Латвия Республикасынын Рига шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Европа үчүн аймактык комиссиясынын 32-конференциясы болуп өттү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев катышты.
Конференциянын алкагында Кызматтын директору Адилет Сотовалдиев WOAHтын башкы директору, доктор Эммануэль Субейран менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Анда тараптар Кыргыз Республикасы менен WOAHтын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, өлкөнүн ветеринардык системасын чыңдоо, ошондой эле консультациялык жана эксперттик колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасына WOAH тарабынан жылкынын африкалык чумасынан (АЧЛ) эркин өлкө деген расмий статус алуу маселесине бурулду.
«Кыргыз Республикасы 2027-жылы WOAH тарабынан жылкынын африкалык чумасынан эркин өлкө деген расмий статуска ээ болууну пландап жатат. Ал үчүн тиешелүү досьени WOAHга кароого жана баалоого жөнөттү.
Биз WOAH тарабынан мындан ары да консультациялык жана эксперттик колдоо көрсөтүлөрүнө ишенебиз. Кыргызстан тарыхый жактан жылкынын африкалык чумасы боюнча эпизоотиялык жактан таза өлкө болуп саналат. Расмий статусту алуу өлкөбүздүн эл аралык деңгээлдеги ветеринардык бакубаттуулугун дагы бир ирет ырастаган маанилүү кадам болот», — деп белгиледи Адилет Сотовалдиев.
Өз кезегинде WOAHтын башкы директору, доктор Эммануэль Субейран Кыргыз Республикасына ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, анын ичинде жылкынын африкалык чумасы боюнча WOAHтын расмий статусун алуу жол-жобосунун алкагында көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.
Жылкылардын африкалык чумасы боюнча WOAHтын расмий статусун алуу Кыргыз Республикасына аталган оору боюнча өлкө аймагынын ветеринардык жактан таза экенин эл аралык деңгээлде тастыктоого, эл аралык жана соода өнөктөштөрүнүн ишенимин бекемдөөгө, ошондой эле белгиленген ветеринардык талаптарга ылайык жылкыларды жана аларга байланыштуу продукцияларды коопсуз эл аралык ташууга жана соодалоого кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
