Нияз Мадиев УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
28 сентябрь

Нияз Мадиев УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп Нияз Мадиев дайындалды. 

Бүгүн жаңы жетекчи облус активине тааныштырылды. Аны  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Антитеррордук борборунун директору Алишер Эрбаев тааныштырды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Саламат Сартов аркалап келген. Ал башка кызматка которулган.