Оңдоп-түзөө иштеринен кийин Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылат
Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери уланууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Ушул жылдын 7-майында оңдоо иштери аяктагандан кийин, Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат.
Ошол эле учурда жогоруда аталган тилкенин түндүк тарабы жабылат.
Түштүк тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Подрядчдык уюму «Мостдорстрой» ЖЧКсы.
Белгилей кетсек, бардык калыбына келтирүү иштери подряддык уюмдары тарабынан мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлгөн. Жакынкы аралыкта жол жээгинде жайгашкан коммерциялык объектилердин ээлери муниципалитет менен ижара келишиминин алкагында, өз каражаттарынын эсебинен жол жээгин көрктөндүрүү, анын ичинде унаа токтотуучу жайларын оңдоо иштерин жүргүзөт.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңыздарды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.
