Кыргыз кинологдору Бакуда өткөн эл аралык семинарга катышты
30 май

Кыргыз кинологдору Бакуда өткөн эл аралык семинарга катышты

Ушул жылдын 19-майынан 23-майына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Кызматтык иттер менен жүк ташуучу унаада табигый баңги заттарды издөө» деген темада окуу-практикалык семинар өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. 

Иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилеринин комитетинин иш-чараларынын алкагында өттү.

Семинарга Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын бажы кызматтарынын кинологиялык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын атынан бажы кызматынын майору А.В. Тарасенко (адистештирилген окутуу бажысы) жана кенже сержант С.А.Муратбеков (Түндүк-Чыгыш бажысы) катышты.

Программа кызматтык иттерде жүк ташуучу унаалардын шарттарында баңги затын издөөнүн туруктуу көндүмдөрүн иштеп чыгуу боюнча теориялык жана практикалык сабактарды, анын ичинде «Ипек Йелу» бажы постуна баруу менен машыгууларды камтыган.

Катышуучулар тажрыйба алмашып, кинологиялык даярдыктын заманбап ыкмаларын талкуулашты. Мындай иш-чаралар кесиптик өсүүгө жана баңги кылмыштары менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.