Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Пётр Хищенко дүйнө салды
29-майда 98 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Хищенко Пётр Семёнович көз жумду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Петр Хищенко 1927-жылы 20-августа Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган.
Ал 1944-жылы 17 жашында армияга чакырылып, 11 миң өспүрүм менен Фрунзе шаарынан Уфага аскердик окууга жөнөгөн.
1945-жылы согуш аяктаганда Уфадагы училищага тапшырып, лейтенант чинин алган. 1956-жылы Венгриянын Австрия менен чектешкен жеринде кызмат өтөгөн. Андан соң полк Ужгородго (Украина) көчүрүлүп, 1960-жылга чейин Хищенко ошол жакта иштеген. Ден соолугуна байланыштуу III топтогу майыптык берилген.
Фрунзеге кайтып келгенде машина куруу техникумунда билим алган. 30 жыл бою инженер-технолог болуп “Физжабдуулар” заводунда иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
Петр Семенович Хищенко бир катар медалдар менен сыйланган. Анын басып өткөн жолу чыдамкайлыкты, эрктүүлүктү жана Мекенине берилгендиктин мисалы болуп калды.
