Жалал-Абадда изделип жаткан аялдын сөөгү дарыянын жээгинен табылды
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында дайынсыз болуп жаткан 65 жаштагы аялдын сөөгү Чаткал дарыясынын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Эске салсак, маркум 28-майдан бери дайынсыз болуп жаткан. Ал болжол менен саат 19:30 чамасында Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Жалпы издөө ишине беш куткаруучу тартылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
