Сузакта жер мафиясынын экинчи тобу камакка алынды
28 октябрь

Сузакта жер мафиясынын экинчи тобу камакка алынды

2025-жылдын 24-октябрь күнү Сузак РИИБне ошол эле райондун К.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын күз айларында өзүнө сырттан тааныш болгон Ойбек, Улукбек аттуу балдар 5,5 сотых болгон жерин сатуу максатында ооз эки баалашып, 1 000 000 (бир миллион) сом акчасын алып кетип, бүгүнкү күнгө чейин алдап качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштарадын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында Сузак районунун 1969-ж.т. У.Х. жана 1977-ж.т. О.С. аттуу тургундары кармалып, 2025-жылдын 25-октябрь күнү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.