МКУ тарабынан камсыздандыруу учурлары боюнча 90 миллион сомдон ашык төлөм жүргүзүлдү
28 октябрь

МКУ тарабынан камсыздандыруу учурлары боюнча 90 миллион сомдон ашык төлөм жүргүзүлдү

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму (МКУ) 2025-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 781 камсыздандыруу учуру боюнча 90 107 252,37 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн аткарды.

Аталган төлөмдөр ОСАГО (жарандык-укуктук автоунаа жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу), КАСКО, Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу, ошондой эле башка ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрү боюнча жүргүзүлгөн.

Анын ичинен өрт кырсыгынан жабыркаган 126 жаранга жалпысынан 23 845 424 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү берилди.

Жүргүзүлгөн төлөмдөр жарандардын жана уюмдардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоого, камсыздандыруу маданиятын өркүндөтүүгө жана калктын ишенимин бекемдөөгө багытталган. Уюм өлкөнүн бардык аймактарында иш алып барып, камсыздандыруу тармагында ачык-айкындуулукту жана ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыздоодо.

Маалымат үчүн:
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму – Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногундагы мамлекеттик уюм болуп, жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо максатында милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу кызматтарын көрсөтөт.