Кызматташтыктын жаңы барактары. Россиянын расмий делегациясы Нарын облусунда
30 май

Кызматташтыктын жаңы барактары. Россиянын расмий делегациясы Нарын облусунда

Ушул жылдын 29-майынан 1-июнуна чейин Россия Федерациясынын президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Масловдун Нарын облусуна болгон иш сапары болот. Бул тууралуу КР президентинин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Бул визит Россия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык жана региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү алкагында уюштурулду.

Иш сапардын негизги күнү, тактап айтканда, бүгүн, 30-майда И. Маслов менен Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешовдун жумушчу жолугушуусу менен башталды.

Жолугушууда Нарын шаарында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун (АКЭУ) аймактык кеңсесинин ачылышы боюнча сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул кадам Россиянын Нарын облусундагы маданий жана билим берүү багытындагы катышуусун кеңейтүүгө багытталган маанилүү аракет катары белгиленди.

Жолугушууларга эки тараптын мамлекеттик органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш сапардын алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлөт.