Бишкекте креативдүү индустрияларга жана санариптик технологияларга арналган иш-чара өттү
30 май

Бишкекте креативдүү индустрияларга жана санариптик технологияларга арналган иш-чара өттү

Бишкекте креативдүү индустрияларга жана санариптик технологияларга арналган мазмундуу иш-чара болуп өттү.

Форумга өлкөнүн бардык аймагынан келген студенттер, авторлор, дизайнерлер, IT-адистер, кино, маданият өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын келечегин калыптандырууга багытталган идеяларды талкуулашты.

Программалык бөлүк TEDx-форматындагы шыктандыруучу баяндамалардан, панелдик талкуулардан, мастер-класстардан, көргөзмө зоналардан жана интерактивдүү аянтчалардан турду.

Форум бүгүнкү күндө өлкөнүн жаңы жүзүн түзүп жаткан демилгелүү, креативдүү жана прогрессивдүү жаштар үчүн башкы платформага айланды.

Панелдик сессияларда музыка, кино, мода жана визуалдык искусство боюнча Кыргызпатенттин автордук укук башкармалыгынын начальниги Кудайбердиева Гульбара Нишанбаевна баяндама жасады.

Форумдун алкагында алдыңкы IT-командалар жана чыгармачыл адистер тарабынан практикалык мастер класстар уюштурулду.