Ошто милиция кызматкерине пара сунуштаган жаран кармалды
30 май

Ошто милиция кызматкерине пара сунуштаган жаран кармалды

2025-жылдын 27-май күнү Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБнүн) кызматкерине “А.” аттуу жаран айып короосунда токтоп турган автоунаасын чыгаруу үчүн 4000 сом акча каражатын сунуштаган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын КЖКнын 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзгөн тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө, 2004-жылы туулган Ош шаарынын тургуну А.А. аттуу жаран кызматтык бөлмөнүн ичинде милиция кызматкерине 4000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

Учурда бул кылмыш иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.