Саламаттык сактоо министринин орун басары УКжТда санариптик чечимдердин ишке киргизилиши менен таанышты
Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургуль Аднаева академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда көчмө кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө министрдин орун басары медициналык мекеменин ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик чечимдеринин киргизилиши боюнча маалымат алып, техникалык жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер талкууланды.
Айрыкча «Sanarip Clinic» медициналык маалыматтык системасынын иши өзгөчө белгиленип, анын негизги модулдары – амбулатордук жана стационардык карталар, бейтаптардын регистрлери, онлайн каттоо тутуму жана сапатты контролдоо модулу – каралды.
Стационардык карталарды туура толтуруу, бейтаптарды бөлүмдөр ортосунда багыттоо механизмдери жана профилдик кызматтардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен үлгүлөрдү ыңгайлаштыруу маселелери талкууга алынды.
Ошондой эле «ILAB» лабораториялык маалыматтык системасын киргизүү аспектилери каралды. Мекеменин иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен маалымат алмашууну оптималдаштыруу жана системаны техникалык жактан өркүндөтүү зарылчылыгы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында санариптик чечимдерди ишке киргизүү медициналык документтерди сапаттуу жүргүзүүгө, маалымат алмашуунун ылдамдыгын жогорулатууга жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн ачыктыгын камсыздоого өбөлгө түзөрү баса белгиленди.
