Эрик Бейшембиев Татарстандын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолукту
28 октябрь

Эрик Бейшембиев Татарстандын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолукту

2025-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Казандагы Башкы консулу Эрик Бейшембиев Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өтө турган шайлоолорду уюштуруу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Татарстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрүн шайлоо процессин уюштурууга тартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле шайлоо күнү коопсуздукту камсыз кылуу, Набережные Челны шаарында кошумча шайлоо участогунун ишин камсыз кылуу маселелери каралды.

Тараптар 2025-жылдын 28-октябрында кызыкдар мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өзүнчө жыйын өткөрүү, ошондой эле шайлоо тууралуу маалыматты кыргызстандык жарандарга жеткирүү жана алардын добуш берүү процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу иштерин Татарстан элдер ассамблеясы аркылуу жүргүзүү боюнча макулдашышты.