Чүй облусу боюнча 735  трансформатор оңдолду
22 октябрь

Чүй облусу боюнча 735 трансформатор оңдолду

Учурда Чүй электр тармактар ишканасында келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 95 пайызга аяктады.

Чүй облусунун энергетиктери келе жаткан күз-кыш мезгилине карата пландаштырылган оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 29 даана көмөкчордонду, 735 даана трансформатордук көмөкчордонду, 784 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрдү. Буга кошумча 116 даана көмөкчордонду, 3902 даана трансформатордук көмөкчордонду, 9105 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

Реконструкция иштеринин алкагында облус боюнча 3 даана кошумча трансформатордук көмөкчордон орнотулуп, 1770 даана жыгач мамылары темир бетон мамыларга алмаштырылып, 35 чакырым изоляцияланган СИП чубалгылары тартылып, 17 чакырым аба чубалгысы жаңы курулду.

Чүй электр тармактар ишканасы облус боюнча 297 миң 615 кардарды электр энергиясы менен камсыз кылат.

Бул аткарылып жаткан оңдоо, техникалык тейлөө жана реконструкциялоо иштери Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.