
Ош мэриясынын муниципалдык Жаштар борбору курулууда
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык Жаштар борбору курулууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүн Оштун мэри Бакытбек Жетигенов борбордун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.
Үч кабаттан турган жаштар борборунда жаштардын ар тараптан өсүп-өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, IT-Хаб, акысыз чет тил курстары, китепкана, коворкинг, компьютердик бөлмөлөр болот.
Борбордо жаштар окуп, жаңы долбоорлорду, идеяларды талкуулашып, чыгармачыл жана инновациялык иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алышат.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жаштар борбору өлкөдөгү биринчи борбор болуп саналат. Долбоордун жалпы суммасы 46 млн сомду түзөт. 100 миң доллар ПРООНдун Жаштарды колдоо долбоорунан бөлүнөт.
Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы жаштардын саны 150 миңден ашат.