Оштун мэри шаар сыртына чыгарылуучу базарлардын ордун көрүп чыкты
10 октябрь

Оштун мэри шаар сыртына чыгарылуучу базарлардын ордун көрүп чыкты

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жаңыдан курулуп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 

Мэр курулуш иштеринде соодагерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматтарга жумуштарды сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Андан ары “Жапалак” унаа тетиктер базарынын жанындагы 35 гектар жер аянтына көчүрүлүүчү жер тилкеге барды. Бул жерге Мамыров көчөсүндө жайгашкан унаа тетиктери жана курулуш материалдарын сатуучу базарлар жылдырылат.

Белгилей кетсек, бул аракеттер унаа тыгындарын азайтууга жана шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мекемелерди, соода түйүндөрдү шаар сыртына чыгарууга багытталган.