Нурланбек Шакиев Тажикстандын президенти менен жолугушту
10 октябрь

Нурланбек Шакиев Тажикстандын президенти менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 10-октябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет. 

Жолугушууга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери, ошондой эле Иран жана Пакистан мамлекеттеринин парламенттеринин делегация башчылары да катышты.

Тараптар тарыхый байланышы терең элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодогу парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев Дүйшөмбү шаарына Тажикстандын баш мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышуу үчүн барган.