Транспорт министрлигине жыл аягына чейин 453 техника келет
14 ноябрь

Транспорт министрлигине жыл аягына чейин 453 техника келет

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2024-жылдын аягына чейин 453 даана техника алып келинет. Бул тууралуу транспорт минстри Абсаттар Сыргабаев билдирди. 

Анын айтымына караганда, техникалар 20-декабрга чейин келет деп күтүлүүдө. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-ноябрда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында бюджеттин эсебинен сатылып алынган атайын техникалардын көргөзмөсү өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагас Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана эл өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, көргөзмөдө ата мекендик өндүрүш товарлары жана айыл чарба продукциялары коюлган.