Ички иштер министрлиги Кой-Таш айылында адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармады
22 октябрь

Ички иштер министрлиги Кой-Таш айылында адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармады

2024-жылдын 21-октябрында болжол менен саат 21:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бөлүнгөн аймагында кызмат өтөө учурунда көчөдөгү жаран Кой-Таш  айылында белгисиз төрт жаран урушуп жаткандыгы боюнча кабарлаган.

Окуя болгон жерге кызматкерлер барган учурда, денесинде сайылган жаракаты бар болжол менен 40 курактагы жарандын жансыз денесин табышкан.

Бул факты боюнча  Аламүдүн районунун жол кыймылын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлер тарабынан кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары жанындагы чогу спирт ичимдиктерин ичишкен 1990-жылы туулган У.Б. жана 1976-жылы туулнан К.П. аттуу жарандар бири качып бара жаткан жеринен бири үйүнүн ичинен кармалган.

Учурда кылмышка шектүү эки жаран Аламүдүн РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, дагы бир кылмышка шектүү жаранды издөө иштери жүргүзүлүүдө.