
Ноокен район электр тармактары 95% кышка даяр
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын бардык РЭТтеринде кышка даярдык көрүү максатында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү уланууда.
Ноокен район электр тармактары 2024-жылга мерчемделген капиталдык оңдоо боюнча 133,9 чакырым 10-6-0,4 кВ аба чубалгыны оңдоодон өткөрүштү. Ал эми утурумдук оңдоо боюнча мерчемделген 509 чакырым 10-6-0,4 кВ аба чубалгыны оңдоп- түзөтүлдү. Реконструкция жумуштарында 10-0,4 кВ 13,7 чакырым аба чубалгы мерчемделип, 11,4 чакырымы аткарылган.
Ошондой эле 52 даана трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлгөн болсо, 202 трансформатор утурумдук оңдоп - түзөөдөн өттү.
Ноокен РЭТинде ар бир жумуш ыргагы план боюнча, өз максаты менен аткарылууда. Жыл башынан бери 903 темир-бетон мамыча орнотулду. Учурда күз - кыш мезгилине 95 пайыз даяр. Бул боюнча Ноокен РЭТинин башчысы Уланыч Чолпонов айтты.
Бул иштер Ноокен районунун бардык бурчунда калкка туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.