
Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндүргөн 16 ишкана катталган
Кыргызстандын аймагында өсүмдүк майын өндүргөн 16 ишкана катталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Алар:
- күн карама,
- пахта,
- зыгыр,
- ашкабактын,
- жүзүмдүн данеги,
- грек жаңгагынан өсүмдүк майын чыгарышат.
Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү бир жолку муздак сыгып алуу ыкмасын колдонушат. Ошондуктан, даяр болгон продукцияда көптөгөн табигый пайдалуу заттар сакталып калат.