Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда УКМКнын окуу-машыгуу борборун ачты
27 октябрь

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда УКМКнын окуу-машыгуу борборун ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түптөлгөнүн эске салды.

Ошол мезгилден баштап улуттук коопсуздук органдарынын “Альфа” тобу өзүнүн өзгөчө ишмердигин үзгүлтүксүз аткарып келет.

“1999-жылдын август-ноябрь айларында “Альфа” атайын операциялар бөлүмү Баткен облусуна кирген эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу жана аскер кызматчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин аткарган. Тоолуу аймакта бандалык түзүлүштөрдү ыкчам издөөгө, буктурмага алуу менен жок кылууга жигердүү катышкан”, – деп белгиледи Президент.

Ал бөлүк эл аралык терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң тажрыйбага ээ экенин, экстремисттерди жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу, ошондой эле баңги синдикатынын жана террористтик уюмдардын лидерлерин кармоо боюнча операцияларды жүргүзгөнүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы быйылкы жылдын башында УКМКнын жетекчилигинин демилгеси менен Атайын багыттагы кызматтын окуу-машыгуу борборунун курулуш иштери башталганын билдирди.