Шакиев иш сапары менен Тажикстанга келди
10 октябрь

Шакиев иш сапары менен Тажикстанга келди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстан Республикасына иш сапары менен келди.

Төрага баштаган делегацияны Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропорттон Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Ватанзода Махмадали Махмадулло тосуп алды.

Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Тажикстан Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган парламенттер аралык конференцияга катышат. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.