Жаңы Ош базарынын курулушу туура бир жылдан кийин аяктайт
10 октябрь

Жаңы Ош базарынын курулушу туура бир жылдан кийин аяктайт

Жаңы Ош базарынын курулуш иштерин 2025-жылдын октябрында аяктоо пландалууда. Бул тууралуу Финансы министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка ылайык, финансы министри Алмаз Бакетаев Бишкектин түндүгүндө жайгашкан базардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

"Ордо курулуш" подряддык уюмунун өкүлдөрү маалымдагандай, тогуз чоң павильон куруу пландалууда, анда ишкерлер үчүн соода орундары жабдылат, соода аянттарынан тышкары, долбоордо социалдык инфраструктура объекттеринин: спорт залдарынын, мечиттердин жана медициналык пункттардын курулушу каралган.

Учурда 162 гектар аянтта курулуш иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле 12 гектар аянтка унаа токтотуучу жай куруу каралган.