Кадамжай районунда тыюу салынган электрондук тамекилерди сатууга аракет кылган жаран кармалды
27 октябрь

Кадамжай районунда тыюу салынган электрондук тамекилерди сатууга аракет кылган жаран кармалды

Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз жүгүртүлүп жаткан электрондук тамекилерге бөгөт коюу жана контрабандалык жолдорду аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлдү.

2025-жылдын 24-октябрь күнү Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, тыюу салынган продукцияларды сатууну көздөп, кардар издеп жүргөн Какыр айылынын 20 жаштагы тургуну Ж.А. кармалды. Анын жанынан электрондук никотин кошулмаларын ысытуучу (вейп) продукциялары жана никотин паучтары табылып, далил зат катары алынган.

Азыркы учурда табылган буюмдардын баасын аныктоо жана бул продукциянын өлкө аймагына кандай жолдор менен мыйзамсыз ташылып келгендиги боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы №186 мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 1-июль күнүнөн баштап, өлкө аймагына электрондук тамекилерди ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салынган.