Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болуп дайындалды
27 октябрь

Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болуп дайындалды

Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Нурланова Беназир Нурлановна 1995-жылдын 16-сентябрында Жалал-Абад шаарында (азыркы Манас шаары) туулган.

Беназир Нурланова экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ. Президенттин администрациясында жана Экономика министрлигинде эмгектенген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.