Баатырбек Жантаев: «Акча бербесең, адам катары көрүшпөйт деп айтып жатышат»
27 октябрь

Баатырбек Жантаев: «Акча бербесең, адам катары көрүшпөйт деп айтып жатышат»

Бүгүн, 27-октябрда, эртең менен Балыкчы шаарынын мэриясында мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча кезектеги отчёттук жыйын болуп өттү. Жыйында шаар мэри Баатырбек Жантаев төрөт үйү боюнча маселени көтөрүп, ал жакта коррупциялык система бар деп жарандардан арыздар түшүп жатканын айтты.

«Акча бербесең, адам катары көрүшпөйт деп айтып жатышат», – деди мэр.

Шаар башчысы бул жагын катуу көзөмөлгө алууну талап кылып, кызматкерлерге таза иштөө тапшырмасын берди.

«Ошол акчаны алам деп өз тагдырына балта чаап алат», – деп баса белгиледи мэр.

Мэр жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, шаардык маселелерди ыкчам чечүү жана ар бир тапшырманын аткарылышы боюнча жеке жоопкерчиликти күчөтүү керектигин баса белгиледи.