Бишкектин Ак-Өргө конушундагы үйлөрдүн биринде өрт чыкты
25 ноябрь

Бишкектин Ак-Өргө конушундагы үйлөрдүн биринде өрт чыкты

Бишкектин Ленин районуна караштуу Ак-Өргө конушунун Кожожаш көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жерине эки бөлүм тартылган. 

Өрт саат 17:15те толугу менен өчүрүлдү.