ИИМдин аймактык бөлүктөрү жаңы унаа болушту
10 октябрь

ИИМдин аймактык бөлүктөрү жаңы унаа болушту

Бүгүн Ички иштер министрлигинде аймактык бөлүктөргө унааларды тапшыруу аземи болуп өттү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы. 

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Chevrolet Monza үлгүсүндөгү 16 унаа милициянын аймактык бөлүмдөрүнө, ал эми 7 унаа ИИМдин ЖКККББна, 2 унаа медициналык тез жардам унаасы ИИМдин Ички аскерлерине жана Медициналык башкармалыгына берилип, жалпы 25 унаа тапшырылды.

ИИМдин имаратынын алдында жаңы кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшыруу иш-чарасы болуп, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган унаалар бөлүнүп берилди.

Жаңы кызматтык унаалар бузууларга, жарандардын чакырууларына ыкчам аракеттерди көрүү үчүн арналган.