Бишкектин Башкы планы: киши башына таза сууну колдонуу чектелет
27 октябрь

Бишкектин Башкы планы: киши башына таза сууну колдонуу чектелет

Бишкектин Башкы планы кабыл алынганын Бишкек шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Азирет Азимов билдирди.

Айтымында, 2050-жылга карата шаар калкы 2 миллионго жетери белгиленген. Ага жана шаардын кеңейишине байланыштуу таза суу, ирригация маселелери дагы Башкы планда каралды.

“Суунун кескин түрдө азайышы бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө байкалып жатат. Ошондуктан, учурда таза сууну колдонуп жаткан абоненттердин баарына акылдуу эсептегичтер орнотулган. Учурда киши башына 350-400 литр таза суу күнүнө каралган. Бирок анализ жасаганыбызда, бир киши күнүнө бир тоннага чейин сууну коротору аныкталды. Короо-жайын сугарууга, автоунаасын жууганга пайдаланып жатышкандыктан, ушундай көрсөткүч чыгууда. Белгиленген нормадан үч эсеге көп. Биз анын баарына бөгөт коебуз, эсептөөчү жабдыктарды орнотуп, тамчылатып сугаруу системасын киргизебиз”, – деди Азимов. 

Ошондой эле, ал белгилегендей, Башкы план иштелип жатканда буйрутмачы – Бишкек мэриясы болгон. Ошондуктан, Азирет Азимов бул долбоорго канча каражат жумшаларынан кабары жоктугун айтты.