
Кыргызстан боюнча көмүр саткан 477 жай ачылды. Дареги жана баалары
Кыргызстан боюнча көмүр саткан 477 жай ачылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлайт.
Ведомстводон аталган пункттар калктын көмүр сатып алуусуна ынгайлуу шарт түзүү максатында түзүлгөндүгүн кошумчалашты.
01.10.2024. Отун базаларынын жана сатуу пункттарынын саны |
01.10.2024-ж. 1 тонна көмүргө болгон болжолдуу баа |
|
Ыссык-Көл |
34 |
4322-9500 |
Нарын |
68 |
3500-5800 |
Чүй |
40 |
5000-6600 |
Талас |
5 |
6300-8900 |
Бишкек ш. |
10 |
5200-6300 |
Ош |
99 |
5000-9000 |
Баткен |
50 |
5000-10000 |
Жалал-Абад |
150 |
4000-7000 |
Ош ш. |
21 |
6500-7000 |
Баардыгы: |
477 |
3500-10000 |
Мунун ичинен Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жыл сайын калкты көмүр отуну менен камсыздап, кышкы жылытуу сезонун ийгиликтүү жүргүзүп келет. Быйылкы күз-кыш жылытуу сезонуна ишкана жылдагыдан эрте кам көрүп баштады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө Токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБине 750,0 миң тонна көмүр, анын ичинен “Тегене” Таш-Көмүр кенинен 50,0 миң тонна, “Кыргызкөмүр” МИ боюнча 520,0 миң тонна көмүр, Миң-Куш көмүр кенинин “Агулак” тилкесинен 180,0 миң тонна көмүр жеткирүү көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кара-Кече кенинен 664,5 миң тонна көмүр казылып алынган.
Быйылкы жылы “Кара-Кече” кенинен калк үчүн көмүр ташуу 16-июлдан башталып, 2024-жылдын 01-октябрына карата 216,6 миң тонна көмүр жөнөтүлдү, Бишкек шаарынын ЖЭБине болсо 2024-жылдын 7-июлунан тарта жөнөтүлө баштаган көмүр бүгүнкү күнгө карата 95,2 миң тоннага жетти.
2024-жылдын 01-октябрына карата “Кара-Кече” кесиминде, жөнөтүүгө дайын 185,0 миң тонна көмүр бар, анын ичинде:
“Борбордук” уч. - 50 миң тн.
“Чыгыш” уч. - 20 миң тн.
“Батыш” уч. - 50 миң тн.
Кара - Кече кениндеги убактылуу көмүр сактоочу жайда - 70 миң тн.
Ал эми каткты арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу максатында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Чүй областында 6, ал эми Бишкек шаарында 10 көмүр кампаларын ачып, анда Антимонополия кызматы аныктап берген баа көмүрдүн тоннасына орточо 5000 сомдон аралыгына, алыстыгына жараша 5800 сом деп аныкталган.
Аталган отун базаларына кошумча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында 2 отун базасын ачуу пландаштырылууда. (Чүй облусу Аламудун району Кой-Таш айылы, Чынгыш көчөсү, контур 773 жана Бишкек шаарына 1 топ база, дареги: Бишкек шаары, Нижняя-Аларча, ул. Киргизская, номер б/н)
Түштүк аймактарда 8 отун базасын ачуу пландалууда. Атап айтканда, Ош облусунун аймагында 5: Ноокат районунда 1, Кара – Кулжа районунда 1, Араван районунда 1, Алай районунда 1, Озгон районунда 1; Баткен облусунун аймагында 3: Лейлек районунда 1, Кызыл-Кыя шаарында 1, Баткен районунда 1 отун базасы бар.
Жумгал районуна карашту бардык айылдарында көмүрдүн 1 тоннасы 3015 сомго чейин бекитилген.
Ал эми “Балыкчы” көмүр базасында көмүрдүн бир тоннасына 4322 сомдон сатылууда.
Алдыда кычыраган кыш турат. Көмүр кампаларында көмүр белгиленген график менен жеткирилип жатат. Энергетика министрлиги көмүргө муктаждыгы бар жарандар эртелеп арзан көмүр сатып алууга чакырат.
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын көмүр кампалары.
№ |
АТАЛЫШЫ |
Бишкек көмүр кампалары |
Баасы |
1. |
ЖИ «Момунбаев Ж.К.» |
Дареги: Бишкек ш., Объездная-Алматинская көч. |
5300 |
2. |
ЖИ «Аккулаков Н.Ж.» |
Дареги: Бишкек ш., Достоевский-Анкара көч., 97 "К". |
|
3. |
ЖИ «Абиев Н.А.» |
Дареги: Бишкек ш., Ленин району, Алыкулов көч., 6 "Б". |
|
4. |
ЖИ «Асаналиев Н.Т.» |
Дареги: Бишкек ш., "Кара-Жыгач" конушу, Оберон-Сары Озон кесилиши. |
|
5. |
ЖИ «Максатбек у Э. |
Дареги: Нижняя-аларча айылы, айланма жол-Киргизская. |
|
6. |
ЖИ «Анарбекова М.Ж.» |
Дарек: Бишкек ш., Киргизская көч., 902 контуру |
|
7. |
ЖИ «Тажиев Э.А.», |
Дареги: Бишкек ш., ж / м "Келечек" 14, уч. көч. 15/1 ("Ак-Жар") |
|
8. |
ЖИ «Асанкул у К» |
Дареги: Бишкек ш., Мурманск көч., 1 "Б" |
|
9. |
ЖИ «Токоев У.Б.» |
Дареги: Нижняя-Аларча айылы, көч. Курманалиева, н / ж |
|
10. |
ЖИ «Сапарбек уулу А.» |
Дареги: Ленин а / а, айланма жол контуру: 964-965 |
|
Аталышы |
Чүй облусундагы көмүр кампалары |
Баасы |
|
1. |
ЖИ «Кенжебек у А» |
Дареги: Чуй облусу, Сокуклукский району, с. Сокулук, ул. Ленина, 126. |
5500 |
2. |
ЖИ «Абиев Н.А.», |
Дареги: Манас а, Сокулукский району |
5500 |
3. |
ЖИ «Шанкаев С.А.», |
Дареги: Жайылский району, Полтавка айылы, көч.Центральная 44 |
5800 |
4. |
ЖКЧ «Асман Энерго». |
Дареги: Токмок шаары, көч.Жантаева б/н. |
5100 |
5. |
ЖИ «Дуйшеналиев Б.К.» |
Дареги:Кемин шаары, көч.Советская 160 «Б». |
5000 |
6. |
ЖИ «Жээнбеков Н.Ж.» |
Дареги: Токмок шаары, көч.Жантаева 81/2 «А». |
5100 |