Чүй облусунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу боюнча алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
27 октябрь

Чүй облусунда видеокөзөмөл камераларын орнотуу боюнча алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ысык-Ата РИИБге Дмитриевка айылынын тургуну В.А. аттуу жаран алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Арыз ээси билдиргендей, тааныштары аркылуу таанышкан К.П. аттуу жаран анын үйүнө видеокөзөмөл системасын орнотуп берүүнү сунуштаган. К.П. өзүн видеокамера орнотуу боюнча адис катары тааныштырып, өз ишинин тажрыйбасын көрсөткөн сыяктуу болуп, «сапаттуу жана кымбат баалуу жабдууларды» сатып алууга ынандырган. Кийин ал сегиз камера жана алардын орнотулушу үчүн 101 000 сом өлчөмүндө баа койгон. Арыз ээси анын убадасына ишенип, аталган сумманы К.П.га берген. Бирок К.П. иштин жасалма түрүн гана көрсөтүп, мурда колдонулган камераларды жаңыдай көрсөтүп, орнотуу иштерин жүргүзбөй, белгисиз тарапка качып кеткен. Ал алган акчаны жеке муктаждыктарына коротуп, жабырлануучуга 101 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирген.

Бул факт катталып, Чүй ОИИББы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык, 1994-жылы туулган К.П. аттуу жаранды кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Райондук сот анын баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечимин тандаган.

Тергөө учурунда аныкталгандай, К.П. 2019-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде «МТ» аттуу жоопкерчилиги чектелген коом түзүп, анын директору жана жалгыз негиздөөчүсү болгон. Ал мыйзамдуу ишкердиктин көрүнүшү менен жарандарды алдоо жана алардын акчалай каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу максатында видеокөзөмөл системаларын орнотуу боюнча жарнамаларды жарыялап келген.

Мындан тышкары, анын башка облустарда жана Бишкек шаарында да ушундай мүнөздөгү кылмыш иштерине тиешеси бар экени аныкталган.

Тергөө иштери улантылууда.