Бишкектин Башкы планы: төрт райондун борбордук аймактары белгиленди
27 октябрь

Бишкектин Башкы планы: төрт райондун борбордук аймактары белгиленди

Бишкектин Башкы планы жакында кабыл алынды. Анын 2006-жылы кабыл алынган Башкы пландан айырмасы – мурда өкмөттүн токтому менен гана ишке ашырылса, азыр ага жардамчы катары дагы эки документ: курулушка уруксат берүү жана курулуштун деталдарын кароо: кызыл, жашыл, көк сызыкты аныктоо кабыл алынат. Алар алты айдын ичинде кабыл алынышы керек.

Бишкек шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Азирет Азимов билдиргендей, Башкы пландагы өзгөрүүлөрдүн бири – шаардагы коомдук жашылдандыруу жайлардын санынын көбөйүшү. Жалпысынан 1,5 гектар жер ушул багытка колдонулат.

“Шаардын ортосун гана өнүктүрө бербей, чет жактарын да өнүктүрүү каралды. Төрт райондун ар биринин өзүнүн борбору белгиленет. Борбор – бардык тараптан 15 мүнөттө жетишүү мүмкүн болгон аймак эсептелинет. Мисалы, Ленин районунун борбору – ТЭЦ 2нин, учурда курулуп жаткан стадиондун тегереги. Биринчи май районунуку – жаңы Ош базар, вокзал, абамайданга бараткан жолдун эки тарабы. Октябрь районунун борбору катары Туңгучка бараткандагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан жер сунушталууда”, – деди Азимов.