Бишкек шаарында жайгашкан «Антикино» аталыштагы эс алуу кызматтарын көрсөтүүчү жайларда ыкчам-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү
2025-жылдын 26-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарында жайгашкан «Антикино» аталыштагы эс алуу кызматтарын көрсөтүүчү бир нече жайларда ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө А.Усенбаев көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн спирт ичимдиктерин ичкендиктери жана башка айрым эс алуучулар тарабынан баңгизаттарды колдонуп жатканы аныкталды.
Аныкталган жашы жете электердин ата-энелери чакыртылып, Свердлов РИИБнын Тергөө-ыкчам тобунун курамындагы Жашы жете электердин иштери боюнча тескөөчүсүнө өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле, аталган жайдын администрациясы коопсуздук талаптарын сактабагандыгы жана жашы жете электердин катышуусу мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерге шарт түзгөндүгү үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылууда. Бул багытта Свердлов РИИБы тарабынан териштирүү иштери улантылууда.
