Бишкектин Башкы планы: мурдагы кызыл сызыктар ошол бойдон калабы?
27 октябрь

Бишкектин Башкы планы: мурдагы кызыл сызыктар ошол бойдон калабы?

Бишкектин жаңы Башкы планы кабыл алынды. Эске салсак, буга чейин Башкы план 2006-жылы кабыл алынган.

Бишкек шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Азирет Азимовдун айтымында, жаңысына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Ал эми мурдагы кызыл сызык ошол бойдон калабы же өзгөрүүгө учурайбы деген суроого Азимов: “Азыркы жаңы план боюнча жаңы магистралдуу көчөлөр аныкталат. Башкы планда кичи көчөлөр каралбайт, кызыл сызыктар белгиленбейт. Мурдагы Башкы пландан азыркынын айырмасы – жаңы магистралдык көчөлөр пайда болот жана мурдагы көчөлөрдүн кызыкчылыктары кайра каралат. Союз учурунда кызыл сызыктар ашыгы менен – 120, 180 метрден каралып калган учурлар бар. Алардын кээ бирлери негизсиз деп табылды. Анткени, союз маалында, келечек, демек, азыркы учур эске алынып, ашыкча коюлуп калган”, – деди ал.