Чүй облусунда улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран аныкталып кармалды
6 май

Чүй облусунда улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран аныкталып кармалды

2025-жылдын 15-апрелинде Чүй ОИИББнын ЭММКАК кызматы тарабынан интернет тармагына карата жүргүзүлгөн маниторинг учурунда “Актилек Орозбеков” аттуу ютуб каналы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы таратылып жаткандыгы аныкталып, бул баракчанын кайрылусуу текшерүүгө алынып, соттук экспертизага жөнөтүлгөн.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык жогорудагы ютуб каналда "улуттар аралык кастыкты козутууну пропагандалоо” белгилери камтылгандыгы тастыкталып, Чүй ОИИББ тарабынан бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 330-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

ергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жаран 50дөн ашык мекемени өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, бир тараптуу жыйынтык чыгарып, улуттар аралык кастыкты козутуу белгилеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги аныкталган жана ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жарандын буга чейин да (массалык баш аламандык фактысы боюнча) соттолгондугу бар экени такталган.

2025-жылдын 6-майында жогорудагы кылмыш ишинин негизинде 1995-жылы туулган А.О. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-97-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда окуя боюнча тергөө амалдары уланууда.