Жогорку Кеңеште ТӨМ Трекеринин артыкчылыктары жөнүндө талкуу болду
Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун кеңейтилген жыйыны болуп өттү.
Комитет төрагасы Улан Примов өзүнүн саламдашуу сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасында ТӨМгө мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук системасын түзүү максатында 2017-жылдын башынан тартып глобалдык көрсөткүчтөрдүн бар экендигин аныктоо, улуттук жана тармактык стратегиялык программаларга глобалдык милдеттерди жана ТӨМ көрсөткүчтөрүн андан ары киргизүү үчүн улуттук көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу жолу менен инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Ал кошумчалагандай, жыйын 2025-жылдын Улуттук ыктыярдуу баяндамасын даярдоо жана ТӨМ жетишкендиктеринин Улуттук трекерин колдонуу жөнүндө депутаттарга маалымдоо аркылуу Кыргыз Республикасында ТӨМдү илгерилетүү үчүн диалогду камсыз кылууга багытталган.
ТӨМдү ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун төрагасы, депутат Чингиз Айдарбеков Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө багытталып жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. "Жумушчу топтордун өкүлдөрүнүн 40тан ашык жолугушуусу, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен эки жыйынтыктоочу жолугушуу болуп өттү. Анда бардык 17 максат, 171 милдет жана 248 көрсөткүч каралып, кеңири талкууланды", – деп маалымдады ал.
БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве мамлекеттик органдар менен биргеликте ТӨМдүн милдеттерин жана көрсөткүчтөрүн инвентаризациялоодо жана адаптациялоодо Жогорку Кеңештин жемиштүү ишин белгиледи.
Өз кезегинде депутат Миргул Темирбаева Баткен облусун туруктуу өнүктүрүү боюнча баяндама жасады. Ал таза суу менен камсыз болуу көйгөйүнө көңүл буруп, Лейлек районунун калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча статистикалык маалыматтарды келтирди. Алсак, Раззаков шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо болгону 40% ды, Сүлүктү шаарында -75% ды түзсө, ал эми Кулунду айыл округунун жашоочуларынын 30% ы гана таза сууга ичет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетуна ылайык, Миргул Темирбаева белгилегендей, дүйнөдөгү бардык оорулардын 80% ашыгы ичүүчү суунун сапатынын начардыгы жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушу менен байланыштуу. Муну менен катар, депутат суу тазалоочу курулмалар маселеси курч тургандыгын белгиледи.
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева ТӨМ трекеринин инструментинин алдын ала жыйынтыктарын сунуштады. “SDG трекери маалыматтарды математикалык моделдөөгө негизделген инновациялык инструмент болуп саналат жана өлкөлөргө ТӨМдүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүүгө мүмкүндүк берет", - деп билдирди ал.
