Баткенде уурулукка шектелип кошуна мамлекеттин жараны кармалды
27 октябрь

Баткенде уурулукка шектелип кошуна мамлекеттин жараны кармалды

2025-жылдын 22-октябрында болжол менен саат 23:30 чамасында Баткен шаарында уурулук фактысы катталды. Тактап айтканда, Баткен шаарынын убактылуу жашоочусу 37 жаштагы М.К. аттуу жаран өзүнүн бөлмөсүндө калган жеке буюмдарын “Samsung A50” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, кийим-кечесин жана 6000 сом акчасын белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуга жалпы 19 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды.

Баткен ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылмышка кошуна мамлекеттин жараны Р.Д. аттуу жаран шектүү катары кармалып, учурда убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул жарандын башка кылмыштарга бар жогу аныкталууда. Учурда тергөө иштери улантылууда.