Чүй облусунда каракчылыкка шектелген адамдардын тобу кармалды
27 октябрь

Чүй облусунда каракчылыкка шектелген адамдардын тобу кармалды

Москов РИИБне инкассатор болуп иштеген А.К. атту жаран арызы менен кайрылып, ал арызында, белгисиз азия улутундагы адамдарга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2025-жылдын 18-октябрында болжол менен саат 04:30 чамасында Москов районунун Петровка айылынын Ак-Суу бурулушунда, газ заправкасынын артында, беткап кийген белгисиз адамдар анын бетине калемпир газын чачып, эки сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ички иштер органдары жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында бул кылмышка шектелген адамдар аныкталып. Алар: 1988-жылы туулган С.Т., 1987-жылы туулган И.Н., 2000-жылы туулган У.М., 2002-жылы туулган Д.Ш. атту шектүүлөр Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин тартибине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот алардын ар бири боюнча камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.