
Кыргызстанда 614 миң гектар кунарсыз жайыт жерлери бар
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 614 миң гектар кунарсыз жайыт жерлери бар. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлайт.
Өкмөттүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомунун негизинде айыл чарба багытында чарба жүргүзүүчү субъектерге жогоруда көрсөтүлгөн токтомдогу тартипке ылайык өздөштүрүүгө жана пайдаланууга берүүнү Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргелекте ишке ашырууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызыкдар.
Кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жана пайдалануу өлкөнүн айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.
Жогоруда облустар боюнча кунарсыз жерлердин аянты көрсөтүлөт.
- Ош облусу боюнча 52156,42 миң га
- Жалал-Абад облусу боюнча 92843,85 миң га
- Ысык-Көл облусу боюнча 112294,81 миң га
- Талас облусу боюнча 68374,43 миң га
- Нарын облусу боюнча 136289,72 миң га
- Баткен облусу боюнча 138395,8 миң га
- Чүй облусу боюнча 13694,37 миң га кунарсыз жерлер бар.