
Ысык-Көл облусунда 2,7 чакырым электр чубалгылары оңдолду
«КУЭТ» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактарыны күз-кыш айларына даярдануу жана кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында 2024-жылдын тогуз айында 6/10/0,4 кВ чыңалуудагы 279 көмөк чордонду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 1262 көмөк чордондо утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле 10/0,4 кВ чыңалуудагы 582 чакырым аба чубалгылары капиталдык ремонттон өтүп, 2734 чакырымдан ашык аба чубалгылары утурумдук ремонттон өттү.
Мындан сырткары авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн 2024-жылдын башынан бери Ысык-Көл облусу боюнча 503 чакырым аба чубалгылары бак-дарактардын бутактарынан тазаланды. Бак-дарактардын бутактары көбүнчө катуу шамал жана ным кар сыяктуу табигый кырсыктар учурунда аба чубалгыларына кулап, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратат. Өсүп кеткен бутактарды кыркуу аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында электр зымдарынын үзүлүшүн жана авариялык кырдаалдардын келип чыгышын алдын алат.