"Сосновка" жана "Арал" транспорттук башкаруу пункттарында автотранспорттордун кышкы дөңгөлөктөрүнүн бар-жогу текшерилет
22 октябрь

"Сосновка" жана "Арал" транспорттук башкаруу пункттарында автотранспорттордун кышкы дөңгөлөктөрүнүн бар-жогу текшерилет

Бүгүн, 21-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок. Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Каттам бар. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.

Аны менен катар аймактарда асфальт төшөө жумуштары планга ылайык жүрүп жатат. Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен айылдын жалпы 3 чакырым жолун оңдоо каралган. Азыркы тапта жумуштар ортодон ооп, 1,9 чакырым аралыкка асфальт басылды. Ошондой эле, Михайловка-Николаевка-Токтоян жолу асфальтталууда.

Мындан  тышкары, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда. Жеринде аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, асфальт төшөө, жолдун негизин даярдоо, тегиздөө, тазалоо сыңдуу жол иштери жети дубанда тең планга ылайык жүрүүдө.