
Эми документтердин 86% архивде электрондук форматта сакталат
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги архивдик иштеринде кагаз колдонуу көлөмүн азайтып, электрондук форматка өтүү иштерин активдүү жүргүзүүдө. Ушул демилгелердин алкагында 2024-жылдын 21-октябрында Архив кызматтынд жыйындар залында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн окуу тренинги өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — Архивдик кызмат тарабынан иштелип чыккан архивдик документтердин жаңы Типтүү тизмеси менен катышуучуларды тааныштыруу болду.
Тизмеге 863 документтин аталышы киргизилген, алардын ичинен 745 (86%) документ электрондук форматта түзүлүп жана сактала турганы белгиленген. Бул кагаз түрүндөгү кол тамганы кайталап колдонуунун зарылдыгын жоюп, мамлекеттик органдардын ишиндеги кагаз документтеринин көлөмүн олуттуу кыскартат.
Ошол эле учурда 118 аталыштагы (14%) документтер мамлекеттик маанидеги, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастары болуп саналат. Бул документтер улуттук байлык катары кагаз түрүндө сакталат. Архивдик документтердин жаңы типтүү тизмегин киргизүү — архивдик иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын санариптешүүсүн тездетүү үчүн маанилүү кадам.