“Бишкекшаарлифт” ишканасына жаңы директор дайындалды
2 ноябрь

“Бишкекшаарлифт” ишканасына жаңы директор дайындалды

Рысбек Сагынбеков “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жаңы директорду тааныштырды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.