Эс алуу күндөрүнө карабастан Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коопсуздук багытында иш алып барууда
4 январь

Эс алуу күндөрүнө карабастан Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коопсуздук багытында иш алып барууда

2025-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан эс алуу күндөрүнө карабастан кышкы эс алуу жайларында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Аталган иш-чаралар Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын РИИБи, Нарын району жана Нарын шаары боюнча ӨКМ бөлүмү, ошондой эле Нарын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун борборунун кызматкерлери менен биргеликте Нарын районунун Өрнөк, Орто-Саз, Кеңеш жана Алыш айылдарынын аймактарында жайгашкан кышкы тюбинг тебүү жайларында жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — кышкы эс алуу мезгилинде мүмкүн болуучу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин кеңири түшүндүрүү болуп саналат.

Профилактикалык иш-чаралардын алкагында тюбинг тебүү жайларында эс алуучуларга жана кызмат көрсөткөн субъекттерге коопсуздук талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү жана маалыматтык материалдар таратылды. Мындан тышкары, тиешелүү уруксат кагаздары жок иштеп жаткан жайлардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иш-чаралар эс алуу жана майрам күндөрүнө карабастан үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирет.