КР министрлер кабинети менен РФө өкмөтүнүн биргелешкен жыйынында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду
21 октябрь

КР министрлер кабинети менен РФө өкмөтүнүн биргелешкен жыйынында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду

КР министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаровдун жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн биргелешкен отурумунун жыйынтыгында эки тараптуу беш документке кол коюлду.

Алар: 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу; 

2002-жылдын 16-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль ташуулары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол; 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык фондунун ортосундагы пенсиялык камсыздоо жаатындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашуу; 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын ортосундагы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум; 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин ортосундагы транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.