Балыкчы - Кочкор унаа жолунун мезгил-мезгили менен жабылышы жөнүндө маалымат
Курулуп жаткан Балыкчы - Кочкор темир жолунун 37–40-чакырымдарында бургулоо-жардыруу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, Балыкчы - Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейинки, Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки бөлүгү мезгил-мезгили менен жабылат.
Жабылуучу мезгил: 2025-жылдын 23-апрелинен баштап, 2025-жылдын 1-сентябрына чейин.
Жабылуу графиги:
- Дүйшөмбү күнү саат 00:30дан баштап шейшемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат);
- Шаршемби күнү саат 00:30дан баштап бейшемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат);
- Жума күнү саат 00:30дан баштап ишемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат).
Мурда көрсөтүлгөн күндөрү жол кыймылы күндүз гана жабылчу. Эми болсо жумуштар күнү-түнү жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, аталган тилке да дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү күнү-түнү жабык болот болот. Мындай чечим иштердин жүрүшүн ылдамдатуу максатында кабыл алынды.
Бургулоо-жардыруу иштери Балыкчы - Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
