Актилек Мусаева Хэбэй провинциясында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата эскерүү аземине катышты
6 май

Актилек Мусаева Хэбэй провинциясында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата эскерүү аземине катышты

2025-жылдын 5-майында Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Чжанцзякоу шаардык округуна караштуу Чжанбэй уездинде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Актилек Мусаева Кытайдын түндүк-чыгышын бошотуу үчүн болгон салгылашууларда курман болгон советтик жана монгол жоокерлеринин мемориалына гүлчамбар коюу аземине катышты.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарага Россия Федерациясынын, Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Монгол Элдик Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын элчилери, ШКУнун Катчылыгынын жетекчилиги, КЭР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Чжанцзякоу шаарынын жана Чжанбэй уездинин эл өкмөттөрүнүн жетекчилиги, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана курман болгон жоокерлердин тукумдары катышты.

Мемориалдык комплексте 1945-жылдын август айында Чжанбэй уездин бошотуу учурунда курман болгон генерал И.А. Плиев башында турган совет-монгол ат механизацияланган тобунун аскерлери жерге берилген.

1957-жылдын октябрь айында мемориал ачылып, обелиске 69 советтик жана 56 монгол жоокеринин ысымдары чегерилген.